Бишкек шаардык тез жардам медициналык станциясына дагы бир медициналык тез жардам унаасы берилди
- Подробности
- Опубликовано 11.12.2015 17:12
Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча, Бишкек шаардык тез жардам медициналык станциясына дагы бир заманбап тез жардам унаасы берилди.
Унаа заманбап техника жана аппаратура менен жабдылып, наркы 69 миӊ долларды түздү.
Аталган унаа Кыргыз Республикасынын жана Туркия мамлекетинин өкмөттөр аралык келишиминин алкагында жана мамлекет башчысы А.Атамбаевдин демилгеси менен алынып келинди. Туркия өкмөтү 5 бирдик «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү медициналык тез жардам унаасын Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырды.
Азыркы учурда тез жардам станциясынын кызматкерлери аппаратураны колдонуу боюнча түрк адистеринен сабак алышып, үйрөнүштү.
Калаанын медициналык тез жардам станциясынын кызматкерлери унааларды белек кылгандарга ыраазычылык билдирет.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында шаардык бюджеттин каражатына 12 бирдик медициналык тез жардам унаасы алынган. Жаӊы жылдын алдында Шаардык медициналык тез жардам станциясы 13 жаӊы унаага толукталды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |