ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы кичинекей шаардыктарга жаӊы жылдык балаты уюштурууда

17-декабрдан баштап калаада балдар үчүн жаӊы жылдык майрамдык иш-чаралар башталат.

17-декабрда саат 10:00 до «Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Бишкек шаардык кеӊеши менен биргеликте 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаӊы жылдык майрам тартууланып, таттуу белектер тапшырылат.


22-декабрда саат 10:00до «Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаӊы жылдык көрсөтүү уюштурууну пландоодо.


26-декабрда саат 10:00до Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармонияда Билим берүү башкармалыгы 1200 балага жаӊы жылдык иш-чара уюштуруп, таттуу белектерди тапшырат.


Ошондой эле шаардын райондорунда балдар үчүн жаӊы жылдык көрсөтүүлөр, иш-чаралар өткөрүлөт.

22-декабрда саат 12:00до «Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда Ленин райондук администрациясы 600 балага таттуу белектер менен жаӊы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрүүнү пландоодо. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 31-декабрга чейин 2 миӊ 727 белек райондун балдарына тапшырылат.

25-декабрда саат 10:00до Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында  Биринчи май районунун 600 баласына администрация жаӊы жылдык иш-чара өткөрүүнү жана белектерди тапшырууну пландоодо.

26-декабрда саат 10:00до Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында Бишкек шаардык кеӊешинин СДПК фракциясы 857 балага жаӊы жылдык балаты майрамын өткөрөт.

28-декабрда саат 10:00 до Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында БШКнин Республика фракциясынын балатысы өткөрүлөт. Ага 465 бала чакырылды. Аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн жана адситештирилген бала бакчалардын балдары үчүн Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 4 миӊ 70 белек таратылат.


28-декабрда саат 10:00до Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында Свердлов району 700 балага белектерди тапшыруу менен жаӊы жылдык иш-чара өткөрүүнү пландап жатат.

28-декабрда Аул паркында (Кожзавод району) 200 бала үчүн Аяз атанын катышуусунда жаӊы жылдык иш-чара өткөрүлөт.

29-декабрда Свердлов акимиаты «Красный строитель» паркында 200 бала үчүн Аяз атанын катышуусунда жаӊы жылдык иш-чара өткөрөт. Мындан тышкары, «Келечек», «Эне-Сай» жана  «Бакай-Ата» конуштарында 30-31-декабрда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Жалпысынан 2 миӊ 862 райондун балдарына жаӊы жылдык майрам уюштурулат.

26-декабрда саат 14:00до Т.Сатылганов атындагы Филармонияда Октябрь району белектерди тапшыруу менен 1 миӊ балага жаӊы жылдык көрсөтүү өткөрүүнү пландоодо. Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 500 балага белектер тапшырылат. Жалпысынан 2 миӊ 500 баланы камтыйт.