ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жолдорду карлардан тазалоо үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түнү бою күрөштү

Бишкекте 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды кардан тазалады.

Кардан тазалоо иштерине 16 кар тазалоочу унаа, 5 трактор, 2 ЗИЛ жана 4 грейфердик жүктөгүч чыкты. Калаанын жолдоруна 492 тонна кум жана 36 тонна туз чачылды.

Тазалоо иштерине Жол -эксплуатация башкармалыгынын 25 жумушчусу жана «Тазалык» ишканасынын 95 жумушчусу тартылды.

Азыркы учурда кардан арылуу иштери улантылып, тротуарлар жана өтүүчү жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.