ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊешинин «Диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракет көрсөтүү эффективдүүлүгүнүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткарууда Ленин райондук администрациясында укук коргоо органдарынын жана райондун жалпы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү.


Жыйындын жүрүшүндө Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарында терроризм жана диний экстремиздин пайда болушуна жол бербөө жана каршы аракет көрсөтүү боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Ошондой эле катышуучулардын алдында РИИБ жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы К. Каримов, УКМК РБ кызматкери Б. Турсункулов жана КР ИИМ 10-бөлүмүнүн кызматкери  Алтынбек уулу Самат сүйлөдү.