ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы майыптарды калыбына келтирүү борборуна жардам көрсөттү

Шаардык калыбына келтирүү борборунда вице-мэр Айгүл Рыскулованын катышуусунда Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Концерттин алдында Айгүл Рыскулова борбор менен таанышып, тигүү жана жыгач устаканалары, ошондой эле 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан көрүүсүн, угуусун өнүктүрүү жана кабыл алуусун нормалдаштырууга багытталган сенсордук бөлмө менен таанышты.


Андан кийин борбордун кызматкерлери физиотерапия, дарылоочу дене тарбия жана массажды камтыган  медициналык калыбына келтирүү топтомун көрсөтүштү.
Вице-мэр иш-чараны ачып жатып бардыгына бекем ден соолук каалады.


«Бишкек шаарынын мэриясы сиздердин борборго дайыма жардам берип келет жана бүгүн сиздерге жумшак эмерек, беш майыптар үчүн араба, ошондой эле таттуу белектерди алып келдик. Өзгөчө балдардын ата-энелерине өздөрүн таштабай, балдарын тарбиялап жаткандыгы үчүн рахмат айткым келет»,-деди вице-мэр.


Андан ары иш-чара аталган борбордун тургундарынын катышуусунда «Доор» фольклордук-музыкалык ансамблдин, маданият башкармалыгынын артисттеринин жана «Алладин» шоусунун коштоосунда концерттик программа менен улантылды.


Иш-чарага Свердлов районунун акими Айнагүл Чылабаева, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Куванычбек  Конгантиев, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана калабына келтирүү борборунун кызматкерлери катышат.