Мэрия жана Ленин районунун тургундары жергиликтүү коомдоштуктун устав долбоорун талкуулашты
- Подробности
- Опубликовано 30.11.2015 09:16
Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жергиликтүү коомдоштуктун устав долбоорунун жаӊы редакциясын талкулоо боюнча Ленин районунун жергиликтүү коомдоштугунун жана мэриянын жыйыны өткөрүлдү.
Шаар тургундары үчүн устав долбоорунун презентациясы көрсөтүлүп, сунуштар жана сындар айтылды.
Долбоор калаанын төрт районунун жергиликтүү коомдоштуктар менен талкууланып, талкуунун жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун устав долбоору кабыл алынат.
Иш-чарага 500дөй адам катышты. Анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары Насирдин Айсаев, Анарбек Сарымсаков, акимдин биринчи орун басары Канат Эшатов, Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жамалкан Мамытова, МАБдардын башчылары жана акимиаттын өкүлдөрү катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |