ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлорунун кезектеги текшерүүсү өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Престиж» унаа жуучу жайынын айланасы антисанитардык абалга жетип, жолдун жээгине чөгүндү таштандылары чогултулуп, санитардык нормалар сакталган эмес жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан аталган жайдын ижарачысы Аттокуров З.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.