ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаардыктар, кышка айыл-чарба азыктарын камдап алууга шашылыӊыздар!

Бишкекте бул де малыш күндөрү бул жылдын акыркы  айыл-чарба жармаӊкеси өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды айыл-чарба азыктарынын жармаӊкесине катышып, кышка даярдык көрүүгө чакырат. Мындай жармаӊке кышка азыктарды камдап алууга, арзан баада жемиштерди, сүт жана эт азыктарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Калаада күзгү азыктардын жармаӊкесин өткөрүү салтка айланып калды. Анда жакынкы райондордун фермерлери катышат.

Айыл-чарба азыктарынын жармаӊкесин Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары уюштурууда жана төмөнкү даректерде өткөрүлөт:

Октябрь району – Асанбай кичи району, Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши;

Ленин району – «Жал» кичи району жана Айни – Чапаев көчөлөрүнүн кесилиши;

Биринчи май району Свердлов району менен биргеликте  - Ибраимов – Жумабек көчөлөрүнүн кесилиши.