ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Көӊүл бургула! Жаш жөө жүрүүчү!» шаардык акциясы өткөрүлдү

2015-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы калаанын ИИББ ЖКК менен биргеликте «Көӊүл бургула! Жаш жөө жүрүүчү!» шаардык акциясы өткөрүлдү.

Аталган иш-чара калаанын жолдорунда балдардын жол-транспорттук майып болуучулукту алдын алуу, балдардын жол коопсуздук көйгөйүнө айдоочулардын көӊүлүн бурдуруу максатында өттү.

Акция Алма-Ата көчөсүндө (Мадина базары), Горький көчөсү,  Ден Сяопин- Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлдү.

Билим берүү башкармалыгынын адистеринин жана шаардык ИИББ ЖКК инспекторлорунун коштоосунда мектеп парламентинин лидерлери катышты.