ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Биз-сергек жашоо үчүн » иш-чарасы өткөрүлөт

2015-жылдын 24-ноябрында саат 10:00до №18 кесиптик лицейинде Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 2015-жылга жаштар саясаты боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун алкагында «Биз – сергек жашоо үчүн» иш-чарасын өткөрөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, «Манас» Республикалык жаштар үйүнүн, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчилери, мугалимдер, №5, 17, 18, 93 кесиптик лицейлеринин окуучулары катышат.


Коопсуздук жана укук коргоо ИИББнын кызматкерлери камсыздайт.


Иш-чаранын максаты жаштарды чылымдын ден соолукка зыяндуулу боюнча маалымдандыруу, чылымга болгон көз карандуулукту төмөндөтүү, сергек жашоо образына үндөө болуп саналат.


Иш-чаранын алкагында Саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгына караштуу Бишкек шаардык ден соолукту бекемдөө борборунун кызматкерлери тарабынан чылым чегүүнүн жана баӊгизат колдонуунун зыяндуулугу боюнча, ал эми Бишкек шаардык ИИББнын кызматкерлери тарабынан жаштар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча лекцияларды өткөрүү пландалды.


Ошондой эле, «Ден соолукка – жашыл түс!» акциясы өтөт.


Акциянын символу – жашыл лента. Акциянын жүрүшүндө бардык катышуучуларга ден соолукту мүнөздөгөн жашыл лента тагылат.


«Тамекини шоколадка алмаштыр» акциясы. Тамекини шоколадка алмаштыруу сунушталат.


Мындан тышкары, №5, 17, 18, 93 кесиптик лицейлеринин окуучулары арасында спорттук мелдеш  жана № 5, 17, 18, 93 кесиптик лицейинин үйбүлөлүү мугалимдери арасында “Атам, апам, үчөөбүз - дени сак үй-бүлөбүз” эстафетасы өткөрүлөт.