ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу Бишкектиктер!

Бишкек шаарынын мэриясы Ош облусунун  Алга-Бас, Чайчи Кызыл-Суу, Лангар, Кара-Согот, Бек-Жар, Каблан-Кол айылдарында жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам көрсөтүү суранычы менен шаардыктарга кайрылат.

Бишкектиктер! Кыйынчылыкта дуушар болгон мекендештерибизге кош көӊүл карабай жардам берели. Жакындарыбызга, досторубузга, кошуналарыбызга, жердештерибизге жана мекендештерибзиге, кыйын турмуштук абалга дуушар болгондорго жардам берүү – элибиздин илгертен келе жаткан салты.

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын төрт районунда гуманитрадык жардамдарды кабыл алуу пунктарын ачты. Жабыр тарткандарга жылуу кийимдер, азык түлүктөр, мектепке керектүү окуу куралдары, курулуш материалдары керек. Ошондой эле, бул маалыматты социалдык тармактарда жайылтууну суранабыз.

Гуманитардык жардамдарды кабыл алуу бардык акимиаттарда  21-ноябрдан тартып, ишемби жана жекшемби күндөрү да саат 9:00 дон 17:00го чейин кабыл алынат.

Чогултуу пунктарынын даректери:

*Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы – Жибек Жолу проспектиси №348,  байланыш номери: Мамбетжанова Аида Абдисаматовна, тел: 661886,661537, 623502, 0770708558;

 *Ленин райондук администрациясы – Чүй проспектиси №315, байланыш номери: Мамытова Жамалкан Бекмурзаевна, тел: 656888, 653876, 0551184328;

*Октябрь райондук администрациясы – Байтик Баатыр көчөсү  №17, байланыш номери: Кузнецова Татьяна Анатольевна, тел: 578901, 576380, 0550508207;

* Свердлов райондук администрациясы – Чүй проспектиси №28, байланыш номери: Борбашева Чынара Бейшеевна, тел: 360115,360707, 0772008788.

Пункттар 21-ноябрдан баштап дем алышсыз саат 9:00дон 17:00 го чейин иштейт.