Бишкек мэри жаш шахматчыны Азия чемпионатынан алып келген коло медалы менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 20.11.2015 15:18
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 20-ноябрда 12 жаштагы шахматчы Азия чемпионатынын шахмат боюнча жеӊүүчүсү Руслан Съездбековду жеӊиши менен куттуктады.
Шахмат боюнча 20 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы Азия чемпиондугу 2-12-октябрда Бишкек шаарында өткөн. Турнирде сегиз өлкө – Кытай, Индия, Иран, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстана жана Кыргызстандан 40 оюнчу ат салышкан.
Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жаш шахматчыны Азия чемпионатынан алып келген коло медалы менен куттуктап, келечектеги оюндарына ийгилик каалады.
Учурда Руслан Съездбеков Бишкек шаарынын №5 орто мектебинде окуйт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
13.09.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |