ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек мэри жаш шахматчыны Азия чемпионатынан алып келген коло медалы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 20-ноябрда 12 жаштагы шахматчы Азия чемпионатынын шахмат боюнча  жеӊүүчүсү Руслан Съездбековду жеӊиши менен куттуктады.

Шахмат боюнча 20 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы Азия чемпиондугу 2-12-октябрда Бишкек шаарында өткөн. Турнирде сегиз өлкө – Кытай, Индия, Иран, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстана жана Кыргызстандан 40 оюнчу ат салышкан.


Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов  жаш шахматчыны Азия чемпионатынан алып келген коло медалы менен куттуктап, келечектеги оюндарына ийгилик каалады.


Учурда Руслан Съездбеков Бишкек шаарынын №5 орто мектебинде окуйт.