ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрияда пландык жыйын өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги алдында вице-мэрлердин, райондук администрациялардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын башында мурдагы жыйында берилген протоколдук тапшырмалар боюнча отчеттор угузулду.

Жыйында туруктуу үй-жайсыз адамдар баш калкалоочу жайларын кышкы мезгилге даярдоо, көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларды тездетүү, негизги базарлардагы башаламан сооданы иретке келтирүү, мыйзамсыз жеӊилдетилген типтеги объектилерди алуу, калааны жаӊы жылга даярдоо, ошондой эле, жер алдындагы өтмөктөрдөгү соода ишмердүүлүгүн текшерүү талкууланды.

Аталган жыйындын жыйынтыгында Муниципалдык менчик башкармалыгына, Бишкек башкы архитектурага жана райондук администрациялардын башчыларына жеӊил конструкциялардын ээлеринен документтерди текшерүү, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрү менен контейнерлерди алуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, Жаӊы жылды майрамдоого шаарды жасалгалоо боюнча жумушчу топ түзүү тапшырылды.