ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы ири салык төлөөчүлөр менен жыйын өткөрдү

2015-жылдын 19-ноябрында Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабековдун жетекчилиги алдында шаардык мэрия ири бизнестин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга аймактык маморгандар, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, КР Улуттук банкынын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын  өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаанын ири салык төлөөчүлөрү, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн салыктардын төмөндөшүнүн себептери, Кыргзыстандын ЕАЭБне киргендигине байланыштуу негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү, валюта курсунун өсүшү жана республикадагы макроэкономикалык абал, калаанын жергиликтүү бюджети боюнча салыкка болгон карыздарды төлөтүү көйгөйлөрү талкууланды.