ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Достук» кичи районунда СИЗО-50 качкан кылмышкерди кармоо операциясында зыян тарткан батирлерди калыбына келтирди

Бишкек шаарынын мэриясы  «Достук» районунда СИЗО-50 качкан кылмышкерди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө зыян тарткан батирлерди оңдоп берди.

Зыянды баалоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ведомство аралык комиссия түзүлдү.

Зыянды баалоо үчүн түзүмдөр аралык комиссия түзүлгөн. №8В үйдүн №86, №87 батирлерине зыян келтирилген. №8А үйдүн 2 подъездине зыян келтирилген.

КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адистери тарабынан  зыяндын ордун толтуруунун эсеби даярдалып, 296 миң 200 сомду түздү.

Бүгүнкү күндө оңдоо иштери үчүн Бишкек мэриясы тарабынан «Имарат строй» курулуш ишканасы жалданды жана ишкана аталган батирлерде оңдоо иштери толугу менен жүргүздү.


Түзүмдөр аралык комиссия кылмышкер жашырынып жаткан №86 батирди оңдобоону сунуштагандыктан ал батирде иштер аткарылган жок. Тергөө органдарына батирдин ээлеринин окуяга катыштыгы бар же жок экендигин тактоо тапшырылды.