ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Н.Ниязалиевдин жаркын элесине арналган балдар арасында футбол боюнча мелдеш башталды

«Дордой» спорткомплексинде «Алга» футбол клубунун ардагери Нурлан Ниязалиевдин жаркы элесине арналган балдар арасында футбол боюнча мелдеш башталды.

Мелдешке Бишкек шаарынын футбол клубдарынын жана спорт мектептеринин 2004-2005-жылы туулган спортчулары катышат. Оюндар эки: «А» жана «В» тайпада өтөт.

Иш-чара Нурлан Ниязалиевдин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, ден соолукту бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду дене тарбияга даярдоо, ошондой эле, күчтүү футболчуларды тандоо максатында өткөрүлөт.
Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө. Мелдеш 21-ноябрга чейин улантылат.