ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте дизайн боюнча экинчи фестиваль өтөт

20-ноябрдан 22-ноябрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда Salt and Pepper Design чыгармачылык бирикмеси тарабынын уюштурула турган Дизайн экинчи фестивалы өткөрүлөт.

Дизайн фестивалы Кыргызстандын бардык дизайнерлери, ошондой эле, дизайнга кызыккан бардык жаштар жана студенттер   чогулган интерактивдүү аянт болуп эсептелинет.


Фестиваль бир нече багытта уюштурулуп, билим берүүчү программа болуп саналат.  Аталган иш-чарага Борбордук Азиянын жана чет өлкөнүн алдыӊкы дизайнерлери катышат.


21-ноябрдан 22-ноябрга чейин Г.Айтиев атындагы музейде Кыргызстан, Казакстан жана Турциянын эксперттери тарабынан семинарлар, лекциялар жана мастер класстар өткөрүлөт. Ар түрдүү багыттагы: кийим, сүрөт, графикалык дизайн, буюмдардын дизайны жана анимация жана башка дизайндар боюнча 15 ийшиликтүү дизайнерлер чакырылды.


Мындан тышкары, «Анти-Гламур против Гламура»  аталышта көргөзмө өткөрүлөт.


Маалымат: 2014-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда биринчи дизайн фестивалы өткөрүлгөн. Анда Америка, Казакстан жана Өзбекстандын спикерлери катышкан.