ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекке Санкт-Петербургдан маданий-иш сапары менен делегация келет

23-ноябрдан 25-ноябрга чейин Бишкекке Санкт-Петербург шаарынан  маданий-иш сапары  менен делегация келет.

Расмий делегациянын курамына Санкт-Петербургдун мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, орто жана жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана маданий коомчулуктун өкүлдөрү кирет.


Делегациянын сапары шаарлар арасында экономикалык, маданий жана билим берүү байланыштарын бекемдөө, ошондой эле, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы байланыштарды кеӊейтүү. Өзгөчө көӊүл билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы менен кызматташууга бурулат.


24-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясында Санкт –Петербург жана Бишкек шаарларынын арасында эки тараптын  кызматташуусу боюнча конференция өткөрүлөт, ошондой эле, «Соода-экономикалык кызматташуу: долбоорлор жана перспективалар», «Билим берүү тармагында кызматташуу: жаӊы мүмкүнчүлүктөр», «Санкт-Петербург жана Бишкек шаарынын туризм тармагында кызматташуулары», «Реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн иши» темаларында тегерек столдор өткөрүлөт.


Мындан тышкары, 24-25-ноябрь күндөрү саламаттыкты сактоо мамлекеттик мекемелеринде Бишкек шаарынын тургундары үчүн петербургдук дарыгерлерден кеӊештерди берүү өтөт.


24-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын искусство чеберлеринин биргелешкен гала-концерти өткөрүлөт. Концерт эки шаардын, эки улуттун маданиятынын биригүүсүнүн символу болот. Ошондой эле, театрдын фоесинде «Бийлеп жаткан Петербург» сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.