ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Бишкектин жана Санкт-Петербургдун искусство чеберлеринин гала-концертине чакырат

24-ноябрда саат 19:00до А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Бишкектин жана Санкт-Петербургдун искусство чеберлеринин биргелешкен гала-концерти өткөрүлөт.

Концерт Санкт-Петербург жана Бишкек шаарларынын маданий-иш вазийпасынын алкагында өтөт.


Шаар тургундары үчүн Россия Федерациясынын эмгек сиӊирген артисти Мария Сафрьянц, РФ эмгек сиӊирген артисти, Мариинский театрынын солисти  Татьяна Павловская, РФ эмгек сиӊирген артисти, Михайлов театрынын солисти Карен Акопов, «Таврическая» капелласынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси Михаил Голиков, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисттери жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академик опера жана балет театрынын симфониялык оркестри жагымдуу чыгармаларды тартуулашат.


Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Санкт –Петербург шаарынын өкмөтү менен биргеликте уюштурат.


Концертке кирүү акысыз.