ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада мамлекеттик жана коомдук ишмер Карыбек Молдобаевдин мемориалдык тактасын ачуу иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери, Кыргы-Түрк «Манас» университетинин негиздөөчүсү, профессор Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Ошондой эле, «Манас» университетинин башкы имаратына Карыбек Молдобаевдин мемориалдык тактасы орнотулду.


Бишкек шаарынын мэриясынын Аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев Карыбек Молдобаевдин Бишкек шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымы зор экендигин белгиледи.
«Карыбек Молдобаев Бишкек шаарынын социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө чоӊ салым кошкон. Ал башкарган учурда бардык өндүрүштөр дүркүрөп өсүп, ири өндүрүш мекемелери,  шаардын борбору курулган. Билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагына көӊүл бурулуп, көптөгөн имараттар салынды. Шаардын башкы проспектилери, магистралы кайрадан курулуп, түп тамырынан бери оӊдолду.  Ал жетектеген Фрунзе шаарынын жетишкендиктери республикалык деӊгээлде жана союздук борбордо да бийик бааланган. Шаар 12 жыл бою катары менен  жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болгон»,-деди Нурдин Тынаев.


Иш-чарага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Себахаттин Балжы, биринчи ректор Асылбек Кулмырзаев, «Манас» университетинин кызматкерлери, студенттери жана Карыбек Молдобаевдин жакындары катышты.