ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри беш миллионунчу Кыргызстандыкка портативдүү компьютер белек кылды

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 13-ноябрда  Кыргызстандын беш миллионунчу жашоочусу Тынчтыкбек Курамаевге портативдүү компьютер белек кылды.

Тынчтыкбек Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапарованын үй-бүлөсүндө 2002-жылдын 27-августунда жарык дүйнөгө келип, шаардык муниципалитеттин камкордугуна алынган.


Учурда ал  13 жашта, ал Бишкектеги №2 мектептин 7-классында окуйт.  Ушул эле мектептин 4-классында анын карындашы кичинекей Айдана билим алат.  Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Курамаевге дайыма  колдоо көрсөтүп турат.   Мектепте Тынчтыкбекти мыкты  окуган, сый-урматка татыктуу бала катары мүнөздөшөт.


2002-жылы баланын ата-энесине шаардын борборунан үч бөлмөлүү батир бөлүнгөн.


Тынчтыкбектин айтуусу боюнча көркөм адабиятка кызыгат жана самбо менен машыгат.


Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Тынчтыкбекке окуусунда жана спортто ийгиликтерди, ошондой эле, коюлган максаттарынын орундалышын каалады.