ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиаты башаламан соода менен күрөшүүнү улантууда

Октябрь райондук администрациясынын соода-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери башаламан соода түйүндөрүн жана мыйзамсыз соода күркөлөрүн алуу иштерин жүргүзүүдө.

Шабдан баатыр көчөсүндө 3 күркө, Элебаев-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 1 күркө алынды.


Мыйзамсыз соода түйүндөрүн аныктоо бардык райондордо жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда 9 кичи райондо, Саманчин көчөсүндө жана Кулатов-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече мыйзамсыз соода күркөлөрү аныкталды. Мыйзамсыз соода түйүндөрүнүн ээлерине күркөлөрдү тез арада алуу эскертүүсү берилди. Талаптардан баш тартууда жана тоготпоодо райондук администрациянын алып салууга жана айып салууга укугу бар.


Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери Октябрь районунда тиешелүү уруксат документтерисиз 110 мыйзамсыз күркө жана жеӊил курулуштар алынып салынды.