ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарды аныктоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө  Чүй проспектиси № 4 дарегинде жайгашкан тигүү цехинин кызматкерлери тарабынан проспектин өтүүчү бөлүгүнө таштандылар башаламан ташталгандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан тигүү цехинин ээси Саматова Бурулайым Абдыманаповнанын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.