Биринчи май районунун мектептеринде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча лекциялар өткөрүлүүдө
- Подробности
- Опубликовано 12.11.2015 11:35
Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу жана терроризм, диний экстремизмди токтотуу боюнча лекциялар өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Райондук билим берүү борборунун директорунун милдетин аткаруучу, Биринчи май районунун ИИБ башчысы, райондун прокурору, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте №48 мектеп-гимназиясынын жана №61 автордук физика-математикалык лицей-мектебинин окуу комплексинин окуучулары менен жолугушту.
Аталган жолугушууда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн канча жаштан жана кайсы берене боюнча жазага тартылары, терроризм жана диний экстремизмди алдын алуу, насвай жана тамекинин зыяндуулугу тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Аталган багыттагы иш-чараларды райондун жетекчилиги көзөмөлөөдө.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |