ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркуловдун “Эркин Тоо” гезитинин 20 жылдык мааракеси менен куттуктоосу

 
 
Республикабыздын эгемендүүлүгү менен бирге жаралган “Эркин Тоо” гезити 20 жылдан бери элибизге мамлекеттик чечимдерди, ошону менен бирге элдин талабын, үмүтүн, тилегин бийликке жеткирип турган көпүрө катары кызмат өтөп келе жатат.

    Гезит жаралгандан тартып анда иштеген журналисттер өздөрүнүн кесипкөйлүгү, таланты менен эркиндиктин демин “Эркин Тоо” гезити аркылуу элибизге жеткирип турду.         

   “Өнөр алды кызыл тил” демекчи, сөз чеберлери азыркы кыйын кырдаалда таамай айтылган сөз менен, ынтымак-ырашкерликтин, сабырдуулуктун, жаратман эмгектин идеяларын калкыбызга жеткирүү менен мамлекетибиздин өркүндөп өсүшүнө эбегейсиз зор салым кошот деп ишенебиз.                                                        
Урматтуу “Эркин Тоо” гезитинин эмгек жамааты!
Сиздерди гезитиңиздердин 20 жылдык куттуу мааракеси менен чын дилимден куттуктайм! Чың ден-соолук, бакубат турмуш, чыгармачыл жаңы бийиктиктерге жетише беришиңиздерди каалайм.