ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда социалдык маанидеги жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү

Свердлов райондук администрациясынын жыйын залында акимдин орун басары Чынара Борбашеванын жетекчилиги алдында социалдык маанидеги жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө жугуштуу ооруларды жана Свердлов районунун калкынын арасында  ВИЧ-СПИД жана кургак учук ооруларын  алдын алуу, ошондой эле, 2015-жылдын 10 айынын ичинде кутурма оорусун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар талкууланды.


Жыйынтыгында калк арасында жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.


Аталган жыйынга МАБдардын социалдык кызматкерлери, кварталдык комитеттердин төрагалары, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун орун басарлары, РИИБ, СӨБнын өкүлдөрү катышты.