ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада туруктуу үй-жайы жок адамдарга убактылуу баш калклоочу жайлар ачылды

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, туруктуу үй-жайы жок адамдарга убактылуу баш калклоочу жайлар ачылды.

Ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу үй-жайсыз адамдардын саны да өсүүдө. Мындай жарандарды колдоо максатында Биринчи май районунда туруктуу негизде «Коломто» баш калкалоочу жайы иштеп келет. Бул жай 70 адамга ылайыкталып, бир маал тамактануу уюштурулган. Ошондой эле, Ленин районунда  балдары менен 46 аялга  «Боорукерлик борбору» иштейт.


Свердлов районунун Фере көчөсү №32 дарегинде жана Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсү боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынан көрктөндүрүү боюнча имаратында убактылуу баш калкалоочу жайы ачылды. Аталган жай 2015-жылдын ноябрь айынан 2016-жылдын март айына чейин иштейт. Баш калкалоочу жайлар жалпысынан 240 адамды батырат. Анын ичинде түнөө жана бир маал ысык тамак уюштурулган.