ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Келечек» конушунда мыйзамсыз курулуш түрттүрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти «Келечек» конушундагы муниципалдык жерге салынып кеткен эки турак үйдүн дубалын түрттүрдү.

Түрттүрүү №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлдү. №9 жана 11 үйлөрдүн дубалдары тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жердин эсебине курулган.


Аталган бузууларды четтетүү үчүн Департамент тарабынан эскертүү берилген. Бирок, эскертүүнү аткарбагандыгы үчүн протокол түзүлүп, Свердлов райондук сотуна жиберилген.


Сотко жиберилген материалдарга ылайык жогоруда аталган үйлөргө мыйзамсыз дубалды өз ыктыяры менен буздуруу милдеттендирилген.


Учурда мыйзамсыз дубал түрттүрүлүп, жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.