ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов акимиаты жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча Координациялык кеӊештин жыйынын өткөрдү

Свердлов райондук администрациясы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча Координациялык кеӊештин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын , РИИБ, райондук билим берүү борборунун жана райондук спорт комитеттин аткарган иштери боюнча отчеттору угулду.

Координациялык кеӊеште балдар иши боюнча комиссиянын мүчөлөрү, балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулукту жоюу боюнча чукул чаралар боюнча штабдын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык инспекторлорунун толук курамы, жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары, МАБдардын социалдык кызматкерлери, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үйбүлөлөрдү колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Аталган жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.