ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Муниципалдык кызматкерлер “Кыргызтест” системасы боюнча сынактык компьютердик тестирлөөдөн өтүшүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматкерлери “Кыргызтест” системасы боюнча сынактык компьютердик тестирлөөдөн өтүшүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана кыргыз  тилин билүү деңгээлин аныктоочу “Кыргызтест” системасын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө киргизүү жана жайылтуу максатында, Бишкек шаарынын  мэриясынын Мамлекеттик  тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борбору биргелешкен иштерди жүргүзүп жатат.


Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекованын билдирүүсү боюнча, 2015-жылдын 26-октябрында Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын жана 2015-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо үчүн “Кыргызтест” системасы боюнча сынактык компьютердик тестирлөөдөн өтүштү, ошондой эле жыл аягына чейин бир нече мекеме-уюмдардын муниципалдык кызматкерлерин сынактык компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү мерчемделген.