Калаанын мектептеринде Бишкек шаарынын 137 жылдыгы белгиленди
- Подробности
- Опубликовано 26.10.2015 15:10
Бишкек шаарынын 137 жылдыгын майрамдоонун алкагында Биринчи май районунун бардык мектептеринде класстык сааттар, көргөзмөлөр, суроо-жооп оюндары өткөрүлдү.
Мектептерде «Менин шаарым – менин сыймыгым», «Бишкек – келечектин шаары» темаларында класстык сааттар, «Бишкек шаарынын сонун кишилеринин өмүрү жана ишмердүүлүгү» аталышта суроо-жооп оюну жана «Сүйүктүү шаарым» сүрөттөр конкурсу уюштурулду.
Ошондой эле, башталгыч класстарынын окуучулары жана мугалимдери тарабынан «Менин Бишкегимдин көчөлөрү» сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Аталган көргөзмөдө «Ала-Тоо» аянты, мектеби жана сейил бактары тартылган.
Майрамдын урматына «Алтын-Бешик» конушунда өспүрүмдөр арасында кичи-футбол уюштурулду.
Мелдештин жыйынытыгында концерттик программа жана балдар үчүн ар түрдүү оюндар тартууланды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |