ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте дагы бир мыйзамсыз курулуш түрттүрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан Путепроводная көчөсү №139 дарегинде мыйзамсыз курулган турак-жай түрттүрүлдү.

Мурда курулушту ээсине мыйзамсыз курулушту түрттүрүү жөнүндө эскертүү берилген. Эскертүүнү аткарбагандыгына байланыштуу  2х4 метр өлчөмүндөгү мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча Бакиров К.нын атына протокол түзүлдү.


Свердлов райондук соту тарабынан  Бакировду күнөөлүү деп таап, административдик чара иретинде 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, департаменти тарабынан мыйзамсыз салынган курулуш түрттүрүлүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.