Бишкек шаарынын мэриясы whatsapp колдонмосунун жардамы менен аткарылган иштер жөнүндө билдирет
- Подробности
- Опубликовано 21.10.2015 14:23
Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын 2-сентябрдан 21-октябрга чейин райондук администрациялардын акимдеринин орун басарларынын whatsapp колдонмосуна таштандынын чыгарылбагандыгы тууралуу 935 арыз келип түшкөндүгүн билдирет.
Ленин районунун акиминин орун басарынын телефонуна 179 кайрылуу келип түшкөн. Алардын аткарылганы 142 кайрылуу, 26 кайрылуу райондорду алмаштырып алган, 8 кайрылуу сунуш катары, 3 кайрылуу «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» мекемелерине жөнөтүлдү.
Октябрь району боюнча 451 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен: 385 кайрылуу аткарылды, 4 кайрылуу иштелүүдө.
Биринчи май райондук администрациясына 205 кайрылуу келип түшкөн, алардын бардыгы аткарылды.
Свердлов районуна 100 кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 52 кайрылуу, 2 тургун райондорду алмаштырып алышкан, 15 арыз учурда иштелүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан чыгарылбаган таштандылар боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылууларын суранат:
Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — 0556 25-05-82;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;
Омукеев Акматалы Абдымаликович (Биринчи май району) — 0771 57-71-82;
Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов району) — 0773 56-73-70.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |