Бишкек шаарынын мэриясы социалдык коргоо кызматкерлеринин күнүн белгиледи
- Подробности
- Опубликовано 19.10.2015 13:05
2015-жылдын 19-октябрда тарых музейинин конференц - залында Кыргызстан социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев жана социалдык коргоо кызматкерлери катышты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктап, социалдык коргоо кызматкерлерине ардак грамоталарды тапшырды.
Ак ниеттүү жана жемиштүү эмгек тери үчун Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланды:
Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборунун тарбиячысы – Алиман Асекова, Свердлов районунун кароосуз калган балдар үчүн «Учкун» балдар үйүнүн тарбиячысы – Каныкүл Молдобаева, Майыптарды калыбына келтирүү борборунун эмгек терапевти - Анара Мамбетисаева, Ленин районунун СӨБ социалдык кызматкери - Екатерина Григорьева, карылар үчүн Бишкек шаардык үй интернатынын ашпозчусу - Жылдыз Төлөгөнова, «Коломто» МИ социалдык кызматкери - Сатымкул Молдалиев.
Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |