Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар тургундарын кабыл алды
- Подробности
- Опубликовано 16.10.2015 21:35
Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардыктарды кабыл алды.
Негизинен суроолор кезекте тургандарга жана шаардык ЖОЖдордо окуган томолой жетимдерге социалдык турак жайларды бөлүү тууралуу болду.
Калаа башчысы аталган маселелер боюнча тийиштүү кызматтарга буйрук берилерин айтты.
Шаардык тургундардын бири спорттук комплекс куруу үчүн Чоң Чүй каналынын жанынан жер бөлүп берүүнү суранды. Каналдын жанындагы жер Суу чарбасынын Чүй мамлекеттик бассейн башкармалыгынын ээлигинде турат, андан тышкары кайтаруу-санитардык зонага кирет. Мыйзам боюнча курулушка тыюу салынат, анын үстүнө жер муниципалитеттин ээлиги эмес.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |