Бишкекте калаа башчысынын катышуусунда шаар күнүнө арналган веложүрүш өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 17.10.2015 17:22
Бишкекте 17-октябрда «Ала-Тоо» аянтында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда Шаар күнүнө арналган веложүрүш өткөрүлдү.
Ага бардык каалоочулар, велоспортту жана жашоонун сергек мүнөзүн сүйүүчүлөр болуп, 300 гө жакын адам катышты.
Салттуу веложүрүштү Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда «Ретро FM» радиостанциясы уюштурду.
Иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугу үчүн жарыштын каттамындагы көчөлөр Бишкек шаарынын ИИББ жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан тосулду.
Жамгырга карабастан веложүрүштүн бардык катышуучулары марага чейин келишти.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |