ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов райондук администрациялардын башчылары жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 15-октябрдан баштап калаанын Киев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө бир тараптуу кыймылды киргизүү, курулуш, жолдорду кайрадан куруу жана калаанын көчөлөрүн иретке келтирүү, ошондой эле, шаардын аймагындагы коомдук-саясий кырдаал жана укук тартибинин абалы талкууланды.


Аталган жыйындын жыйынтыгы боюнча «Бишкекасфальтсервис» МИ Киев, Москва, Токтогул жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө унаа токтотууда автотранспорттун туура токтотуу жолун көрсөтүүчү жол белгилерин орнотуу  тапшырылды. ошондой эле, Бишкек шаарынын ИИББ ЖКК жазма эскертүүсүнө ылайык Махатма Ганди – Баялинов көчөлөрүнүн кесилишине оор унааларга тыюу салуучу жол белгиленрин ортнотуу тапшырмасы берилди.


«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына калаа башчысы Киев көчөсү жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин, Бөкөнбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин жана Москва – Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бактардын бутактарын кыйууну тапшырды.