ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүнү улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан 2015-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин жеке турак-жай курулуш тармагында мыйзам бузгандарга 868 эскертүү берилди.

Департаменттин эскертүүлөрүн убагында аткарбагандыгы үчүн 291 протокол түзүлүп, сотко жиберилди.


Жыйынтыктары боюнча 125 соттун токтому чыгарылды, ошондой эле, 130 мыйзамсыз курулуш, анын ичинде соттун чечими менен – 21 курулуш жана өз ыктыяры менен 109 курулуш буздурулду.


2014-жылы бул жылга салыштырмалуу 585 эскертүү берилген жана 171 протокол түзүлгөн. 49 соттун токтому чыгарылып, 94 объект, анын ичинде: соттук актылар менен 6 курулуш жана 88 департаменттин талабы менен түрттүрүлдү.

 

Ссылка на диаграмму