ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдогу белгилерди сары түскө боедо

Бишектин жолдору эксперимент катары жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдогу белгилерди сары түскө боелууда.

Сары боёктор Токтогул, Шопоков, Раззаков, Орозбеков жана Калык Акиев көчөлөрүнө түшүрүлдү. Учурда Жаш Гвардия бульварындагы тилкелерди боё иштери жүрүп жатат.


«Бишкекасфальтсервис» МИнын билдирүүсү боюнча, жолдор атайын жол боёгу менен боёлду. Мындай боёктор Европанын жана Россиянын чоӊ шаарларында колдонулат.  Бул сыяктуу жөө өтүүчү жолдор алыстан көрүнүп, айдоочунун көӊүлүн бурдурат жана жол-кырсыктарын алдына алат.


Эгер мындай боёктор жол-кырсыктарынын азайышына өбөлгө болсо, кийинки жылы калаадагы бардык зебралар сары түскө боёлот.