ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы аз камсыздалган шаар тургундарын көмүр менен камсыздоодо

Бишкек шаарынын мэриясы калаада жашаган аз камсыздалган үйбүлөлөрдү бекер көмүр менен камсыздоодо.

4 миӊге жакын үйбүлө жеӊилдетилген отун менен камсыз болот. Ар бир үйбүлөгө бир жарым тоннадан көмүр бөлүнөт.


Ленин районунда 1131 үйбүлө, Октябрь районунда 500 үйбүлө, Биринчи май районунда 1050 үйбүлө жана Свердлов районунда 1303 үйбүлө көмүр менен камсыз болот.
Учурда көмүрдү Октябрь районунда жашаган жакыр үйбүлөлөр ала баштады.


Биринчи май, Ленин жана Свердлов райондоруна 1600 тонна көмүр түштү. Көмүрдүн үлгүлөрүн сапатын текшерүү үчүн ЖЭБдин химиялык лабороториясына жиберилди. Экспертизанын жыйынтыктарынан кийин көмүрдү таратуу башталат.