ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын 10-кичирайонунун тургундары жолдорду кайрадан куруу иштери үчүн Бишкек шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирди

Калаанын 10-кичирайонунун тургундары 2-октябрда жолдорду кайрадан куруу иштери боюнча Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун жеке өзүнө ыраазычылык билдиришти.

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулмаитов менен биргеликте калаа жолдорун текшерүү учурунда калаа башчысына ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Катта 10-кичирайонунун тургундары шаардык муниципалитетке жолдорду сапаттуу жана ыкчам кургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

«Кичи райондун тургундары аткарылган иштердин жыйынтыгына ыраазы жана Бишкек шаарынын мэриясы тирек, үмүт жана жоопкерчиликтүү»,-деп белгиленет катта.

Жыйынтыгында тургундар шаардык муниципалитетке ийгиликтерди каалашты.