Калаада Эл аралык карылар күнүнө арналган социалдык жармаӊке өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 01.10.2015 13:39
Бишкекте 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө арналган улгайган адамдар жасаган буюмдарга социалдык жарманке өткөрүлдү.
Жарманкеде кийизден, кебезден жасалган, жиптен токулган кийим-кече, үй тиричилик буюмдары, мөмө-жемиш жана башкалар сатылууда.
Иш-чарага Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 50 дөй улуу муунунун өкүлү катышты.
Акциянын негизги максаты – улгайган адамдарга пенсиядан тышкары киреше табууга жардам берүү жана коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Ошондой эле, сейил бактын айланасында шахматтык турнир, лотерея ойнотуу жана башкар майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев катышып, жакындары жана кесиптештери үчүн колго жасалган буюмдарды алышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |