ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунда Эл аралык карылар күнүнүн урматына иш-чара өткөрүлдү

«Диалог» клубунда Ленин районунун улуу муунунун өкүлдөрү жана алтын түгөйлөр үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Чакырылгандарга атайын майрамдык концерт тартууланды, ошондой эле, район акими Аскар уулу Мирландын колунан материалдык жардамдар тапшырылды. Өзгөчө көӊүл 50 жыл бирге жашаган жубайларга бурулду.


Ленин районунун аймагында карыларга жардам көрсөтүү айлыгы өтүүдө. Айлыктын алкагында иш-чаралар планы бекитилип, райондун 1050 карысына бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.


Ошондой эле, майрамдык  иш-чаралар райондун мекемелеринде, уюмдарында өткөрүлүүдө.