ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

«Эл аралык карылар күнү» айлыгынын алкагында Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев «Элим» кафесинде «Баатыр-Эне» орденинин жана «Эне-Даӊкы» медалы менен сыйланган энелерге майрамдык түшкү тамактануу уюштурду.

Чакырылгандарга эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.


Район башчысы энелерди келе жаткан Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, коомчулукта жана Кыргызстандын өнүгүшүндө энелердин ролу зор экендигин белгиледи. Ошондой эле, бекем ден соолук, узак өмүр, тынчтык жана үйбүлөлүк бакубат жашоо каалады.


 «Эл аралык карылар күнү» айлыгынын алкагында райондук администрация карыларга бир нече иш-чараларды пландаштырды. Үй-интернатынын тургундарына 20 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам жана райондун жүз жашка чыккан төрт узак жашоочусуна 3 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардамдар көрсөтүлдү.