Калаада «Тазабиш» жана «FSC-жума» акциясынын алкагында ишембилик өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 26.09.2015 11:28
Бишкекте 26-сентябрда «ТазаБИШ» жана «FSC-жума» эки экологиялык акциянын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Акциянын максаты коомчулукту экология көйгөйүнө, токойлорду коргоого жана экологиялык иш-чараларды өткөрүүгө тартуу.
Ишембиликтин алкагында Токтоналиев, Түштүк магистрал көчөлөрүнүн кесилиши таштандылардан тазаланды, ошондой эле, жолдун жээгине көчөттөр отургузулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева катышты.
"ТазаБИШ" акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Ишембиликке студенттер, коомдук экологиялык уюмдардын жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери катышты. Ошондой эле, «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын техникалары тартылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |