ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Ала-Тоо» конушунда «Ала-Тоо» көчөсүнүн жана №43 бала бакчасынын ачылышы болду

Калаанын «Ала-Тоо» конушунда 25-сентябрда «Ала-Тоо» көчөсүнүн жана №43 бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

«Ала-Тоо» жаӊы конушу 1989-жылы түзүлгөн. Жалпы аянты 215,5га түзөт. Аталган конушта 7500 адам жашайт жана 2465 үй курулган.


Ала-Тоо көчөсүн (Киров көчөсүнөн Улук-Тоо көчөсүнө чейин) кайрадан куруу иштери 2015-жылдын 7-октябрында башталган. Узундугу 2,45 км, туурасы – 14,6 метрди түзөт.


2014-жылы асфальтбетондук жабдуу менен алдыӊкы катмары төшөлгөн. Оӊдоо иштерин «Грант-Старт» ЖЧКсы аткарды. Сметалык наркы 69,5 млн. сомду түзөт.


№43 бала бакча 1993-жылы курулган. 1995-жылдын 29-ноябрында ачылылган. Долбоордук кубаттуулугу 60 балага ылайкташтырылган: 3 жаштан 5 жашка чейинки эки тайпа жана 5-7 жаштагы балдар үчүн мектепке  даярдоо тайпасы.


2015-жылдын сентябрында долбоордун кубаттуулугу 150 балага көбөйгөн.

Балдарды окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бала бакча жумасына 5 күн иштеп, төрт түрдүү тамактануу уюштурулат.


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аталган бала бакчаны оӊдоо үчүн 1 млн. 166 миӊ. сом бөлүндү.


Салтанаттуу иш-чарага конуш тургундары, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмаз Кененбаев, вице-мэрлер  Айгүл Рыскулова жана Бакытбек Дюшембиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, ошондой эле, шаардык муниципалитеттин аппаратынын кызматкерлери катышты.