ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Маматилиев А.М. катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын укук тартиби жана коопсуздугун камсыздоо боюнча координациялык кеӊештин жыйыны өткөрүлдү

Жыйында Бишкек шаарында 2015-жылдын 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого даярдыктардын жүрүшү жана КР ЖК депутаттарды шайлоону өткөрүүдө шаардыктардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын иштери талкууланды.
Аталган жыйынга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын ИИБнын башчысы Кашкар Жунушалиев, Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.