ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Бишкекте 22-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган  «Мамлекеттик тил – ынтымактын, биримдиктин, достуктун тили» аттуу  салтанаттуу азем болуп өттү.

Майрамдык иш-чарада Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев 23-сентябрь – Мамлеттик тил күнү менен куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясынын атынан белектерди тапшырды.

«Мамлекеттик тилибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузда, берекелүү кыргыз жергебизде жашаган көп улуттун өкүлдөрүн бириктирген ынтымак жана достуктун тили болсун! Өлкөбүздө тынчтык болуп, мамлекеттик тилибиздин келечеги кең болсун!»,-деди аппарат жетекчиси.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө  жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүүчү “Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты мекеме, мыкты адис”, “Мамлекеттик тилди окутуунун мыкты иштелмеси” сынактарында алдыңкы орундарга ээ болгон жеңүүчүлөргө, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон алдыңкы жетекчилерге, кызматкерлерге, мугалимдерге сыйлыктар тапшырылат. Райондук администрацияларга “Орусча-кыргызча сөздүктөр”, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, “Кыргыз адабияты” (10 том), “Ч.Айтматов” (7 том),  “А.Осмонов” энциклопедиясы ж.б. сыяктуу китептер тапшырылды.

 Иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Аким уулу Медербек, Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов, райондук администрациялардын, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү,  шаардык түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери, мекеме-уюмдардын мамлекеттик тил боюнча адистери, мугалимдер жана тарбиячылар,  эмгек ардагерлери катышты.