ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын санитардык нормалары жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүү уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору шаардын санитардык тазалыгына текшерүү жүргүздү.

Текшерүүдө «Красный строитель» конушу Рабочая көчөсү №1а дарегинде жайгашкан тигүү цехинин кызматкерлери тарабынан таштандылар белгиленбеген жерге башаламан ташталгандыгы аныкталды.


Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жер антисанитардык абалга жетип, калаанын санитардык нормалары жана көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан тигүү цехинин ээси Назырбеков С.нын атына протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын  кароосуна жиберилди.


Ошондой эле, калаанын Октябрь районунун санитардык абалын текшерүү учурунда Матросов көчөсү №66 дарегинин жашоочулары курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге, өтүүчү жолдун жээгине таштап, калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузушкандыгы маалыма болду.


Жыйынтыгында аталган факт боюнча СЭИ инспекторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Кайрадан текшерүүдө таштандылар жеке үйдүн ээси тарабынан чыгарылгандыгы аныкталды.